Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Казакстандагы окуяларды шылтоолоп, бааларды көтөрүү – кызыл кулактык

Кыска кабар | 6 Янв 2022 | 259 | 0

Мен так кесе айтып коюшум керек, азыркы тапта бааларды көтөрүүгө эч кандай негиз жок. Казакстандагы окуяларды шылтоолоп, базар бааларын көтөрүү – таптаза кызыл кулактык болуп эсептелет. Мындай пикирин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Фейсбуктагы кайрылуусунда билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта, казак жергесинде болуп жаткан окуялардан улам, Кыргызстанда дагы базар баалары өсө тургандыгы айтылып жатат. Айрыкча, коңшулаш мамлекеттен келип жаткан унга, майга баанын кескин өсө тургандыгын айтып, элдин кулагын көндүрүүгө өтүшкөндөр бар.

«Ушундан улам, мен Кыргызстанда азык-түлүк менен иш алып барган компаниялардын жетекчилерине кайрылып кетем. Өз элиңердин патриоту, мекенчил болгула. Элди ойлогула! Анча-мынча пайда үчүн элге кыянаттык кылсаңар, бул Кудайга да жакпаган иш» — деп айтылат кайрылуусунда.

Ошондой эле Төрөбаев  казак эли башына түшкөн оор сыноону татыктуу жеңип чыгарына ишене тургандыгын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM