Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Бул шайлоодо «Өнүгүүнүн» балдарын бардык партиялар талашты

Кыска кабар | 28 Авг 2020 | 2799 | 0

Быйылкы өтө турган парламенттик шайлоодо «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын кадрлары талашка түштү. Бул тууралуу партия лидери, депутат Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде айтты.

-Биздин партиядан башкага өткөн саясатчыларга эч кандай таарынычым жок. Баарына ийгилик каалайм. «Өнүгүү-Прогресстин» балдарын бардык партиялар талашты. Алардын саясаттагы жолун табышына түрткү бердик, — деди Төрөбаев.

Эскерте кетсек, Бакыт Төрөбаев «Өнүгүү-Прогресс» партиясы быйылкы парламенттик шайлоого катышпай турганын жарыя кылган болчу. 4-октябрга белгиленген шайлоого катыша турган 16 партиянын документи БШКга тапшырылган.

Copyright © 2017 Maral FM