Биз менен байланышыңыз

Бакыт Төрөбаев: Коалиция Өкмөттү отставкага кетиргиле же өзүңөр кеткиле

Кыска кабар | 13 Ноя 2019 | 1236 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Өкмөттү отставкага кетирүүнү талап кылып, Парламенттеги коалицияга кайрылды. Бул тууралуу ал бүгүнкү жыйында айтылган акыркы маалдардагы оор кылмыштуулук боюнча маселелерден улам айтты.

Өнүгүү-Прогресс фракциясынын жетекчиси коалиция башчысы Иса Өмүркуловго кайрылып, Өкмөттү отставкага кетирүүнү же коалицияны таратуу боюнча чечкиндүү кадам жасоого чакырды.

Иса Шейшенкулович, бул сиздердин коалиция, адам өлтүрүүлөр көбөйдү, аймактарда шахталардагы өлүмдөр, жасалма паспорттор чыгып жатат, бюджет толбой жатат, көмүрдүн баасы өсүүдө, электр энергиянын тарифин жогорулатуу боюнча сөз болуп жатат жоопкерчилик кайда? Ошон үчүн коалиция чогулуп Өкмөттүн отставкага кетиргиле, же өзүңөр кеткиле, башка коалиция куралы”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Copyright © 2017 Maral FM