Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн өткөн жылдагы ишин Парламенттеги коалиция жактырды

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 640 | 0

Парламенттеги көпчүлүк коалиция бүгүн, 20-мартта Өкмөттүн 2019-жылда жасаган иши боюнча отчетун угуп, аны жактырды.

Өкмөттүн отчетун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Өз сөзүндө премьер өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн, коопсуздук жана коомдук тартипти, эл аралык кызматташтыкты жана санариптештирүү ишин камсыздоо боюнча көрсөткүчтөргө токтолду.

Талкуу учурунда коалициядагы депутаттар премьер-министрдин көңүлүн социалдык-экономикалык маселелерге буруп, коронавирус апаатынан улуттук экономиканы коргоо үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырышты.

Copyright © 2017 Maral FM