Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: 2020-жылы келген депутаттар реформа жасай албайт

Кыска кабар | 28 Авг 2020 | 570 | 1

2020-жылы Жогорку Кеңешке келген депутаттар реформа жасай албайт. Мындай пикирин депутат Бакыт Төрөбаев «Маралга» берген маегинде айтты.

-Жаңы келе турган депутаттар радикалдуу өзгөртүүлөрдү кыла албайт. 6-чакырылыштагыдай эле парламент болот. Жаштарга басым жасалып жатканы менен алар дароо иштеп кетпейт. Тажрыйба топтоп, кийинки чакырылышта өзгөртүү киргизиши мүмкүн, -деди Төрөбаев.

Эл өкүлү шайлоого аттанган жаштар тууралуу да сөз кылып, аларга кеңешин айтты.

-Ар кандай талаптарды коюп, кыйкырып жатышат. Анын ордуна эл аралап, жарандар менен иштешкиле, сүйлөшкүлө.

Эскерте кетсек, 2020-жылы парламенттик шайлоого катышууга 16 партия БШКга документ тапшырган.

1 пикир

1 пикир

  1. Адинай

    30.08.2020 14:50

    Кызык , буга чейин кайсы депутаттар реформа жасады болду экен?
    Тайрыйбасы бар болсо да эч ким эч кандай аракет жасаган жокко!..

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM