Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизүү маселесин Өкмөт бүгүн карайт

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 848 | 0

Коронавирус илдетине байланыштуу аймактарда же республика боюнча өзгөчө кырдаал режимин киргизүү маселесин Өкмөт бүгүн кечке чейин карайт.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында айтты.

Деген менен премьер чукул кырдаал облустук деңгээлде, же республика боюнча боло турганы тууралуу так айткан жок.

Өзгөчө кырдаал киргизүү үчүн мыйзам боюнча негиз болушу керек. Облустарга киргизүү үчүн эки райондо чукул кырдаал болушу зарыл. Ал эми эки облуста өзгөчө кырдаал болсо анда, республика боюнча чукул кырдаал киргизүүгө негиз болот. Маселе бүгүн чечилет. Эки райондо өзгөчө кырдаал кирди. Кечке чейин бул маселени Өкмөттө карайбыз, — деп айтты Өкмөт башчысы.

Кошумчалай кетели, учурда акыркы эки күндө коронавирус катталган Оштун Ноокат жана Жалал-Абаддын Сузак райондорунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM