Биз менен байланышыңыз

Бакыт Төрөбаев дарыгерлерге 1 млн сом жардам көрсөттү

Кыска кабар | 9 Июл 2020 | 723 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев үй-бүлөсүнүн атынан Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлерине 1 млн сом жардам көрсөттү. Бул тууралуу эл өкүлү өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, аталган каражат коронавирустун очогунда вирус менен күрөшүп жаткан дарыгерлерди колдоого багытталат.

— «Кыйын кезде улуттун саламаттыгына кам көрүп, өздөрүнүн ден соолугун, өмүрүн тобокелге салып, күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлерге таазим кылам» , — деп жазган Төрөбаев өзүнүн билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM