Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев Ухань шаарындагы студенттерди алып келүүнү сунуштады

Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 1014 | 1

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Кытайдын Ухань шаарында билим алып алып жаткан 14 студентти алып келүүнү сунуштады.

Ухань шаарында биздин 14 студентибиз билим алып жатат. Алардын ичинен Азиза жана Бексултан менен телефон аркылуу сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алардын айтымында, студенттердин ден-соолугу жана абалы жакшы. Бирок алар белгилүү бир убакыттан кийин тамак-ашка жана маскага акчалары түгөнүп калуу коркунучу болорун айтышты. Биздин коңшу мамлекеттер кооптуу аймактан жарандарын алып чыгууга аракет кылып жатышат. Эгерде Кытай тарап уруксат берсе, коңшу мамлекеттер менен чогуу биз да студенттерди алып чыгып кетишибиз керек , — деди Төрөбаев.

Ошондой эле ал Орусия жана Казакстан аркылуу келип жаткан адамдарды өзгөчө көзөмөлгө алуу керектигин кошумчалады.

1 пикир

1 пикир

  1. Бекзат эрнисбеков

    29.01.2020 16:16

    Кытайдын башка шаарларындагы студенттерине деле конул бурп коюнуздарды суранабыз!мен мени менен окуган студентердин кетууго мумкунчулугу жок болуп жатат.окуудан уруксат беребей жатышат суйлошуп корусун суранат элем

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM