Биз менен байланышыңыз

«Kenzo» брендинин негиздөөчүсү COVID-19дан көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 593 | 0

Япониялык модельер, дүйнөгө белгилүү «Kenzo» брендинин негиздөөчүсү Кендзо Такада 82 жашында Франциянын борбору Парижде коронавирустан көз жумду. Дизайнердин үй-бүлөсүнүн айтымында, ал 4-октябрда Нойли-Сюр-Сейндеги ооруканада каза тапкан.

«Биздин негиздөөчүбүз Кендзонун каза болгондугу жөнүндө кабарды өтө кайгыруу менен кабыл алдык», — деп айтылат мода үйүнүн билдирүүсүндө.

Ошондой эле билдирүүдө Кендзо ойлоп таап, өндүрүшкө киргизген бул бренд жарым кылымдан бери мода тармагынын символдорунун бири катары сакталып, ар дайым дүйнө жүзүнө чыгармачылык түс алып келгендиги баса белгиленген.

Кендзо Такада 1939-жылы Япониянын түндүгүндөгү Химедзиде төрөлүп, 1965-жылы Парижге көчүп келген. 1970-жылдары ал өз брендин негиздеген. 1988-жылы аталган бренд биринчи атыр линиясын чыгарган. 1993-жылы «Kenzo» соода маркасын дүйнөдөгү эң кымбат баалуу товарларды чыгаруучу «Louis Vuitton» өндүрүштүк компаниясы сатып алган.

Кендзо Такада 1999-жылы өзү негиздеген мода үйүнөн пенсияга чыгып, чыгармачылык изденүүнүн үстүндө жүргөн.

Copyright © 2017 Maral FM