Биз менен байланышыңыз

Ош шаарынын туристтик логотиби тартылды (сүрөт)

Кыска кабар | 17 Дек 2021 | 382 | 0

Ош шаары өзүнүн саякат логотибин иштеп чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Сынакка келип түшкөн эмгектердин ичинен Орусиянын жараны Михаил Чулиндин эскизи тандалып алынган. Логотиптеги айлуу түндө кербен тартып бараткан төөнүн фонуна Улуу Жибек Жолунун, Сулайман-Тоонун элеси түшүрүлгөн.

Мэрия сынактан жеңген дизайнерге 100 миң сомдук сертификат тапшырды.

Буга чейин шаардын туристтик логотибин иштеп чыгуу пландалып жатканы маалымдалган. Анүчүн атайын сынак жарыяланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM