Connect with us

Дүйнөдөгү эң баалуу бренддер жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2020 | 748 | 0

2020-жылга карата дүйнөдөгү эң баалуу бренддердин жаңы рейтинги жарыяланды. Apple компаниясы 8 жылдан бери «Interbrand» рейтингин жетектеп келет. 8 жыл катары менен алдыңкы үчтүктөн орун алып келген Google компаниясы быйыл 4-орунга түштү.

Акыркы жылы Apple бренди 38 пайызга жогорулап, 323 миллиард долларга жетти.

Amazon бренди 2-орунга көтөрүлдү. Бренд бир жылдын ичинде 60 пайызга жогорулап, 200,7 миллиард долларга жетти. Белгилей кетсек, бул бренд быйылкы рейтингде эң баалуу бренд болгон.

Microsoft 3-орундан 4-орунга көтөрүлдү. Бренд бир жылдын ичинде 53 пайызга көтөрүлүп, 166 миллиард долларга жетти.

4-орунду 165,4 миллиард доллар менен Google бренди ээледи.

Алдыңкы ондукка Samsung, Coca-Cola, Toyota, Mercedes-Benz кирди.

Учурдагы рейтингге биринчи жолу Instagram (19-орун, 26,1 миллиард доллар), YouTube (30-орун, 17,3 миллиард доллар) жана Zoom (100-орун, 4,48 миллиард доллар) кирди. Акыркы 2 жылдан бери тизмеге кирбей келген Тесла быйыл рейтингге кайтып келди (40-орун, 12,8 миллиард доллар).

Рейтингде дүйнөдөгү эң баалуу 100 бренд бар. Учурдагы рейтингде алардын жалпы наркы 2 триллион 336 миллиард 491 миллион долларга бааланган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 9%га көп.

«Interbrand» рейтингинде компаниянын каржылык көрсөткүчтөрү, бренддин керектөөчүлөрдүн сатып алуулардагы чечимдерине таасири жана компаниянын кирешелүүлүгү эске алынган. Бул рейтинг 21 жылдан бери жарыяланып келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM