Connect with us

Туристтерге салынуучу айыптарды билесизби?

Блог | 28 Окт 2019 | 1252 | 0

Дүйнөнү кыдыруу – албетте, кызыктуу. Бирок сиз тааныш эмес өлкөгө барганда, кайсы эрежелерди сактоо керек, кандай учурда туристтер айыпка жыгылуусу мүмкүн экендигин билип алганыңыз оң. Бизге кадимки көрүнүш болгону менен, башка өлкөдө кылмыш катары каралуучу аракеттер да кездешпей койбойт.

❌Мисалга алсак, Кыргызстанда балдарга ылайыкталган «киндер-сюрприз» ар бир дүкөндө кездешет. Бирок АКШга аны алып кирүүдө 300 доллар айып салынат. Анткени аталган өлкөдө 1938-жылы эле азыктардын ичине желбей турган заттарды салууга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Алардын катарында оюнчуктар да бар.

❌Испанияда кум жээктеринде шампунь жана гель сыктуу жуунуучу каражаттарды колдонууга болбойт. Мыйзам бузуучуларга 1500 евро айып пул салынат. Тыюу салууну деңиздин тазалыгы үчүн кабыл алынгандыгы менен түшүндүрүшөт. Испаниядагы Мальорка аралында таштанды калтырууга тыюу салынган. Ага айып пул – 300 евро. Ошондой эле, жээкте спирт ичимдиктерин ичкендиги үчүн да кошумча айып салынат.

❌Тайланд эли өз падышасына терең урмат менен мамиле кылышат. Анын сүрөтү акчаларда басылып чыгат. Ошондуктан акчага да сыйлабастык мамиле жасоого болбойт. Аны жыртууга, жерге таштап коюуга, же арткы чөнтөккө салууга тыюу салынат. Ошондой эле Тайландда пилдерди өз алдынча тамактандырууга болбойт. Эреже бузулса, 300 доллар тегерегинде айып пул салынышы ыктымал.

❌Афина Акрополун көргөнү жыл сайын миллиондогон турист келет. Греция бийлиги архитектуралык эстеликтин нукуралыгын сактап калуу максатында бийик така кийүүгө тыюу салган. Миңдеген жылдардан бери сакталып келген Акрополго зыян келбеши үчүн туристтер жалпак тамандуу бут кийим кийүүсү кажет.

❌Италиянын Генуэз булуңунда жайгашкан Чинкве-Терре паркында туристтерге ачык бут кийим кийүүгө тыюу салынган. Анткени тоолуу аймакта андан жаракат алуу ыктымалдуулугу жогору. Ошондуктан полиция кызматкерлери да туристтердин бут кийимдерине катуу көңүл бурушат.

❌Дагы бир мисал, АКШ же Сингапурда жүргөн туристтердин бири тротуардан өтүп баратып, жерге түкүрдү дейли. Полиция кызматкери аны дароо токтотуп, 300 доллар айып салат. Аны 2 күндүн ичинде төлөбөсө, штрафтын суммасы 2000 долларга чейин өсүп кетиши мүмкүн.

❌Коомдук транспортто бекер жүрүү — анчалык деле олуттуу мыйзам бузууга кирбегендей көрүнөт. Бирок Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө анын айыбы кымбатка турат, кээде 1500 еврого да жетиши ыктымал. Андан сырткары, кийинки ирет виза алууда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

❌Римде көчөдө ысык болсо да, фонтанга түшүү сунушталбайт. Мезгил сайын полиция кызматкерлери тартип бузуучуларга айып пул салып келишет, анын суммасы 900 еврого чейин жетиши мүмкүн.

❌2008-жылдын 1-майынан бери Венецияда Сан-Марко борбордук аянтында көгүчкөндөрдү тамактандырууга тыюу салынган. Шаар башкармалыгы муну көгүчкөндөрдүн көптүгү менен, жана алардын көчө-үйлөрдү булгаарын айтып түшүндүрүшкөн. Бул мыйзамдын айынан канаттуулар тоютун саткан сатуучулар зыянга учурашкан. Алар сотко арыз менен кайрылышып, бирок утулуп калышкан.

Copyright © 2017 Maral FM