Биз менен байланышыңыз

Кытайда акыркы суткада коронавирустун жаңы 7 учуру катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июн 2020 | 472 | 0

Акыркы суткада Кытайда 7 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын баары сырттан баргандар экенин бүгүн, 12-июнда өлкөнүн Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комитетине таянып, чет элдик басылмалар жазды.

Ошондой эле, бир сутканын ичинде коронавирустун эч кандай белгиси жок алып жүргөн бир адам аныкталды. Акыркы суткада бул ооруга байланыштуу адам өлүмү катталган жок.

Бүгүнкү күндө Кытайда коронавирус жуктургандардын саны 83 миң 64 адамга жетти. Алардын ичинен 78 миң 365 адам айыгып, 65 адам медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болуп жатат. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан 4634 адам көз жумду.

2019-жылдын 31-декабрында Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Ухань шаарында (Хубэй провинциясы) белгисиз пневмониянын келип чыгышы жөнүндө маалымдаган. Адистер бул ооруну козгоочу жаңы коронавирус экендигин аныкташып, кийинчерээк ал расмий түрдө COVID-19 деп аталган.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады.

29-мартта Кытайдын саламаттыкты сактоо комитети жалпы өлкөдө эпидемиянын жайылышы токтоп калганын айтып, вирусту жеңгенин жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM