Биз менен байланышыңыз

Гаипкулов: Биз лидерибиз ак экенин билебиз

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Ноя 2019 | 887 | 0

Жактоочулар «Улут биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматовду актоого аракет кылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гаипкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Мырзакматов саясий чечимден улам куугунтукталды.

«Атамбаевдин убагында сот Мырзакматов боюнча чечимди жактоочулардын катышуусу жок тездик менен чыгарган. Ошого байланыштуу Жогорку сотко кайрылган эмеспиз. Азыр эми сотторго ишенип пайда болуп, жактоочулар иштеп жатат. Биз лидерибиз ак экенин билебиз. Процесс узакка созулса, Мырзакматов парламенттик шайлоого катышууга убактысы жетпей калат деген коркунуч жок. Анын эл алдында акталышы негизги маселе», — дейт Гаипкулов.

Ал Мырзакматов мамлекеттин өнүгүшүн ойлогон саясий лидер экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM