Биз менен байланышыңыз

Оштогу митингчилер Мелис Мырзакматовдун келишин күтүүдө

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 871 | 0

Бүгүн, 6-октябрда Ош шаарында Бишкектеги нааразылык акциясына каршы президенттин тарапташтары тарабынан уюштурулган митингге шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптар да аралашып, натыйжада Бишкектеги акцияны колдогондор басымдуулук кылып кеткен.

Учурда митинг дале уланууда. Алар: «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери, Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов учуп келатыптыр», — деген кабарды уккан соң, тарап кетпей күтүп турушканы маалым болду. Ошондой эле экс-мэрдин жакын санаалаштары Ош эл аралык аэропортунда күтүп жатышканы айтылууда.

Эске салсак, митингдегилер Ош шаардык кеңешинин депутаттарынан чукул жыйын өткөрүүсүн талап кылышкан. Шаардык кеңештин депутаттары чукул жыйын өткөрүп, шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго 31 депутат ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

Бирок Таалайбек Сарыбашов арыз жазган эмес, ал сотко кайрыла турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM