Биз менен байланышыңыз

Гаипкулов: Салыктандын түшпөй жатканы кызматкерлерге байланыштуу эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Ноя 2019 | 403 | 0

Салыктандын түшпөй жатканы Салык кызматы же Бажы кызматынын кызматкерлерине байланыштуу эмес. Ага жүргүзүлүп жаткан саясат да бирден-бир себеп болууда. Ошондуктан «планды аткарбадың» деп жумуштан алуу туура саясат эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гаипкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Реалдуу турмушка карап иш үргүзүү зарыл. Бажы салыктарынын түшпөй жатканы ЕАЭБге байланыштуу иштер болууда. Айрым салыктарды жеңилдетип, ишкерлерге шарт түзүү зарыл. Мындан сырткары инвесторлорго да шарт түзүү кажет», — дейт эл өкүлү.

Анын баамында, экономикада коркунуч жок. Анткени бюджеттеги таңкыстык пландалган негизде, ашыкча эмес. Экинчиден, «Кумтөр» менен жаңы келишим түзүлүп, иштей баштады.

Copyright © 2017 Maral FM