Биз менен байланышыңыз

«Жээнбеков өкмөттүн ишине көп аралашпай жатат. Бул анын ийгилиги»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Ноя 2019 | 496 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн ишине көп аралашпай жатат. Бул анын ийгилиги. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гаипкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында,

«Президент жаңы өкмөттү колдогула деп чыкты. Бирок Жээнбеков депутаттардын колун бурап, «силер ушуга добуш бересиңер» деп айткан жок. Ар бир эл өкүлү өзү добуш берди. Андыктан президенттин мындай аракети өкмөттүн ишине кийлигишүү эмес», — дейт Гаипкулов.

Анын баамында, укук коргоо органдары президент тарабынан коюлган милдеттерди толук аткарбай жатат.

Соттук процесстердин көпкө созулуусу Жээнбеков айткан сөздөр ишке ашпай жатканынан кабар берет. Бул кемчилик.

Copyright © 2017 Maral FM