Кыргызгидромет билдиргендей, 7-майда Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9… + 14, күндүз + 23… +28,
Талас облусунда түнкүсүн +7… + 12, күндүз +21… +26,
Баткенде түнкүсүн +9… +14, күндүз +24… +29,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +25… +30,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +5… + 10, күндүз +17… +22,
Нарын облусунда түнкүсүн +4… +9, күндүз + 17…+22.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +26…+28 градус болот.