Биз менен байланышыңыз

Гаипкулов: Эл арасында партиялык ишенимдер калыптана элек

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Ноя 2019 | 423 | 0

Парламенттик шойлоонун босого баллын төмөндөтүү зарыл. Жогорку Кеңешке көп партия келсе атаандаштык жаралып,  мамлекетти түптөөгө салым болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гаипкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, босого чек 9% бойдон калса, 180-200 миң шайлоочу тандаган партия сыртта калуусу күтүлүүдө.

«Башкача айтканда 15% шайлоочунун ой-пирики эске алынбай калган. Мындан улам босого чекке өзгөртүү киргизүү бонча парламентте депуттар иштеп жатат», — дейт Гаипкулов.

Ал өлкөдө партиялык, саясий күчтөрдүн күчтөнүшү шартка жараша болуп жатканын белгилегендей.

«Кыргызстанда шайлоодо 2 айда жаңы партия түптөлүп, парламентен орун алууда. Бул эл арасында партиялык ишенимдер калыптана электигинен кабар берет. Көбүрөөк партиянын лидерлерине, мүчөлөрүнө ишенген максатта шайлоо болуп жатканы көрүнүп турат», — дейт эл өкүлү.

Copyright © 2017 Maral FM