Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттик кызматкерлердин потенциалы канааттандырбайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Ноя 2019 | 436 | 0

Мамлекеттик кызматта иштеген кадрлардын потенциалы канааттандырбайт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Гаипкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал партиялар жең ичинен айыл өкмөттөрдөн тарта министрликтерге чейин бөлүшүп алгандыктан, кадрдык потенциал жоголгонун айтат.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдаланып, аткаруу бийлиги негизги маселелерди ишке ашырууга аракет кылып жатканын белгиледи.

«Эми парламент Абылгазиевдин отчетун укканда ишине баа берет. Бүгүнкү күндө өкмөт мугалимдердин айылгын 30%га көтөрүүгө жетишти. Бул чоң ийгилик», — дейт Гаипкулов.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM