Биз менен байланышыңыз

Мырзакматов: Күтүп ал, сүйүктүү Кыргызстаным!

Кыска кабар | 6 Окт 2020 | 1946 | 0

«Улуттар биримдиги» партиясынын лидери, Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов учуп келе жатат. Ал өзүнүн Фейсбук баракчасына учактын трабында турган сүрөтүн жүктөп: «Күтүп ал, сүйүктүү Кыргызстаным!» — деп жазды.

Ошто митинг дале уланууда жана Ош эл аралык аэропортунда Мелис Мырзакматовдун келишин күтүп жатышканы айтылууда.

Бүгүн Ош шаарында Бишкектеги нааразылык акциясына каршы президенттин тарапташтары тарабынан уюштурулган митингге шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон тараптар да аралашып, натыйжада Бишкектеги акцияны колдогондор басымдуулук кылып кеткен.

Эске салсак, митингдегилер Ош шаардык кеңешинин депутаттарынан чукул жыйын өткөрүүсүн талап кылышкан. Шаардык кеңештин депутаттары чукул жыйын өткөрүп, шаар мэри Таалайбек Сарыбашовго 31 депутат ишенбөөчүлүк көрсөткөн.

Бирок Таалайбек Сарыбашов арыз жазган эмес, ал сотко кайрыла турганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM