Биз менен байланышыңыз

АКШ: Мюллердин «Орусия иши» боюнча толук баяндамасын жарыялоого тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Окт 2019 | 486 | 0

АКШнын апелляциялык соту “Орусия иши” боюнча мурдагы атайын прокурор Роберт Мюллердин өзгөртүлбөгөн иликтөөсүн Конгресстин Өкүлдөр палатасына берүүгө убактылуу тыюу салды.

Иликтөөдө Орусиянын 2016-жылкы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча айтылган.

Буга чейин аймактык сот АКШ Юстиция министрин 30-октябрга чейин Өкүлдөр палатасына Мюллердин толук баяндамасын берүүгө милдеттендирген. Бул президент Дональд Трамптын импичмент маселесине байланыштуу болгон.

Ак үй мындай чечимге каршылыгын билдирип, жогорку инстанцияга арызданган. Юстиция министрлиги апелляциялык соттон материалдарды берүүгө убактылуу тыюу салууну сураган. Министрлик баяндаманы толугу менен ачыкка чыгаруу — учурда жүрүп жаткан президенттин импичменти боюнча иликтөөгө кедергисин тийгизет деп эсептейт.

Орусиянын 2016-жылкы шайлоого кийлигишүүсүн иликтеген атайын прокурор Роберт Мюллер Трамптын штабы менен Москванын байланышы жөнүндө жетиштүү далил тапкан эмес. Бирок ал президентти «күнөөсүз» деп атоодон баш тартып, бул маселени башкы прокурордун кароосуна калтырган. Ал эми баш прокурор Уильям Барр Трампты жоопкерчиликке тартпоо жөнүнө чечим кабыл алган.


Мюллердин баяндама китеби бестселлерге айланды


18-апрель күнү Мюллер АКШнын 2016-жылдагы шайлоосунда орун алган «Орусиянын кийлигишүүсү» боюнча баяндама жасаган. Анда Дональд Трамптын командасынын Орусия бийлиги менен мамилеси, АКШ президентинин адилеттикке жасаган аракети тууралуу ар тараптуу көз караштар айтылган.

Ал эми Орусия «кийлигишүү» боюнча коюлган айыпты четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM