Биз менен байланышыңыз

Мюллердин баяндама китеби бестселлерге айланды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 513 | 0

АКШнын прокурору Роберт Мюллердин «Орусиянын кийлигишүүсү» аттуу баяндама китеби бестселлерге айланды. 30-апрелде жарыкка чыга турган басылма Amazon рейтинги боюнча эмитен эле алдыңкы үчтүктөн орун алды. Анын баасы 9,20 доллар болору айтылууда.

New York Times басылмасы китепке болгон сурамжылоо күч экенин белгилейт. Аталган баяндаманы АКШнын Юстиция министрлигинин сайтынан окууга мүмкүн болгону менен, китебин сатып алууга кызыкдар болгондор да көбөйүүдө.

18-апрель күнү Мюллер АКШнын 2016-жылдагы шайлоосунда катталган «Орусиянын кийлигишүүсү» боюнча баяндама жасаган. Анда Дональд Трамптын командасынын Орусия бийлиги менен мамилеси, АКШ президентинин адилеттикке жасаган аракети тууралуу ар тараптуу көз караштар айтылган.

Ал эми Орусия «кийлигишүү» боюнча коюлган айыпты четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM