Биз менен байланышыңыз

Бакашов: мыйзамдардын байма-бай өзгөрүшү инвесторлордун ишенимин азайтууда

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Окт 2019 | 586 | 0

Бишкек эркин экономикалык аймагынын аткаруучу директору Мурадил Бакашев «Марал» радиосуна берген маегинде мыйзамдардын байма-бай өзгөртүлүүсү инвесторлордун ишенимин азайтып жатканын билдирди.

Анын айтымында, 24 жылдын ичинде Бишкек эркин экономикалык аймагы боюнча мыйзамга 12 жолу, ал эми Бишкек ЭЭАнын  ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча жобого 13 жолу өзгөртүү киргизилген.

Бакашев учурда да тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгелер көтөрүлүп жатканын белгилеп, эл өкүлдөрүн бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

«Мындай өзгөрүүлөр инвесторлордун бизге болгон ишенимин азайтып жатат. Анткени инвестор бүгүн башка шартта ишке кирип, эртең заводун курган соң «ушул шарттар менен иштейсиң» деген туура эмес», — дейт Бакашев.

Copyright © 2017 Maral FM