Биз менен байланышыңыз

«Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 570 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Презденттик Аппараттын кызматынан кабарлашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 6-майында кабыл алынган.

Мыйзамдын негизги максаты жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузган, ишканага жакын аймакта жашаган же иштеген адамдын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген коомдордо тышкы башкарууну киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө сала турган ченемдерди киргизүү болуп саналат.

Мындан тышкары Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузганы үчүн жоопкерчиликти караган берене менен толукталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM