Connect with us

Шайлоо мыйзамдары өзгөрөбү?

Кыска кабар , Саясат | 15 Окт 2020 | 882 | 0

Өткөн аптада болуп өткөн башаламандыктардын жана бүгүнкү күндө өлкөнүн мыйзам талаасынан чыгып кеткенинин негизги себеби шайлоо болуп калды.

Серепчилердин айтымында, элдин нааразычылыгына шайлоодо массалык добуш сатып алуу, административдик ресурстарды пайдалануу негизги себеп болсо, экинчи себеби босого баллдын 7 %, күрөөгө коюлган каражаттын 5 миллион сом болушу жана «Форма №2» менен көп жаран катталгандыгы болгон.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо мыйзамына ылайык, жалпы республика боюнча добуш берүүгө катышкан жалпы шайлоочулардын 7 пайызынан аз алган партияларга мандат берилбейт. Башкача айтканда, парламентке өтпөйт. Ал эми партиялардын шайлоо фонду жөнүндөгү беренеде күрөөгө коюлган каражат 5 миллион сом болуусу керектигин айтат. Мындай көрсөткүчтөр жаңы күчтөрдүн, акчасы аз партиялардын шайлоого катышуусуна тоскоол болуп жатканын саясий серепчилер айтышат.

Боршайкомдун мурдагы мүчөсү, экс-депутат Ишенбай Кадырбеков парламент бийлик менен элдин ортосундагы өкүлчүлүк милдетти аткаргандыктан, ар бир аймактан өкүлдөр келиши керек деп эсептейт. Ошондуктан босого баллды 7 пайыздан 1 пайызга түшүрүү керек.

 — Кечээги элдин толкушуна 7 пайыздык босого баллдын таасири бар. Негизи парламент — бул: өкүлчүлүк бийлик. Биз өзүбүздү демократиялык мамлекет дегенден кийин, бир түшүнүк бар да — эл бийлиги деген. Эл өзүнүн бийлигин өкүлдөрү аркылуу шайлайт. Бул 7 пайыздык балл, жок дегенде 500 миң жарандын добушу жокко чыгарылып калат дагы, саналуу гана, 40 пайыздын тегерегиндеги гана шайлоочунун өкүлдөрү отуруп калат да парламентте. Бүгүн ошондой болуп атпайбы?! Ошондуктан өкүлчүлүк бийлик болгондон кийин, босого балл 1 %дын тегерегинде болушу керек, — дейт эксдепутат.

Кадырбеков бул пайыздык ченемди бийликтеги айрым күчтөр өз кызыкчылыгын ойлоп, башка партиялардын бийликке келишин каалабай, мыйзамга киргизгенин кошумчалады. Ал эми коомдо кызуу талкууланган «Форма №2» маселесинде мыйзамда каталар бар экенин белгиледи.

«Форма №2» командировкага кетип, же стационардык ооруканада жатып калган учурда бериле турган укук. Бирок, бул мыйзамда так жазылбай калган да, ал жерде мындай жазылган: «Жаран каалаган жерде добуш бергенге укуктуу», — деп, абсолюттук укук берилип калган. Бул туура эмес, мыйзамдын катачылыгы. Жарандарга кайсы учурда «Форма №2» колдонсо болот, ушуну мыйзамда так көрсөтүш керек. Менин оюмча, командировкага кетип калсаң, чет өлкөдө иштеп же ооруканада дарыланып жатсаң, ошол укукту колдоно тургандай кылып өзгөртүү киргизиш керек. 

Бул жагдай Борбордук шайлоо комиссиясын дагы тынчсыздандырып турат. Буга чейин БШК шайлоонун босого баллын 3-5%га жана шайлоо күрөөсүн 1 миллион сомго төмөндөтүп, «Форманы №2ни» облустар ичинде жоюп салуу сунушу менен Жогорку Кеңешке кайрылган. Ал эми өткөн шайлоого катышкан партиялардын моралдык жоопкерчилиги эми караларын билдирген.

Аталган маселени 14-октябрда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов дагы көтөрүп чыкты. Ал «Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» мыйзам долбоорун 1-окууга киргизүүнү өтүнгөн.

— Бүгүнкү абалга байланыштуу мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизип жатабыз. Бул мыйзамда үч эле маселе: «Форма №2ни» жокко чыгаруу, шайлоо күрөөсүн 1 миллион сомго, пайыздык ченемди жетиден үчкө түшүрүү. Өзгөчө абал режиминде сессиядан каралбагандыктан, биз бирдиктүү комитетте карап, даярдап коелу, кийин жалпы жыйында чогуу карайбыз.

Бирок, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасы Канат Керезбеков бул маселени четке каккан. Ал муну кворум жоктугу менен байланыштырып, добушка койбой койгондуктан эки депутаттын ортосунда жаңжал чыгып, мушташканга чейин барышкан. Сулайманов бул кадамдар атайын жасалып жатканын, парламенттин айрым депутаттары эч качан элди ойлобой турганын айтып, кийинки шайлоо дагы кечээги өткөн шайлоодон айырмаланбай турганын билдирди.

Комитеттин төрагасы Канат Керезбеков болсо, бул дооматтарды четке кагып, баарын мыйзамдын негизинде аткаруу керек деп айтты. Ал шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы эместигин, Сулайманов көтөргөн мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди.

 — Азыр жалпы жыйында кворум болбой калды, ошондуктан Сулайманов көтөргөн мыйзамдын долбоорун кароо сунушу добушка коюлган жок. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш комитети Өзгөчө абал режими алынгандан кийин гана ишин баштайт. Ошондо биз керек болсо үч окууда тең бул мыйзам долбоорун колдоп, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгабыз, — деди Керезбеков.

Демократиялык өлкөлөрдүн көбүндө партиялар үчүн босого балл 2-3 пайыздын тегерегинде чектелген. Мисалы, дүйнөдө коррупциясыз өлкөлөрдүн сап башында турган, 6 млн калкы бар Данияда шайлоодо жалпы добуш бергендердин 2 пайызынан көп добушун алган партиялар парламентке өтөт. Ал эми 10 миллиондон ашуун швециялыктардын парламентине өтүү үчүн, жалпы шайлоочулардын добушунун 4 %ынан кем албашы керек.

Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп өткөн. Ага 16 партия катышып, 7 пайыздык босого баллдан расмий 4 партия өткөн болчу. Бирок Боршайком шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, 6-ноябрга чейин жаңы паралменттик шайлоо жарыялана турганын кабарлады.

Copyright © 2017 Maral FM