Биз менен байланышыңыз

Маматалиев: 12-ноябрда Өкмөт башчы парламентте бюджет боюнча отчёт берет

Кыска кабар , Пикирлер | 30 Окт 2019 | 533 | 0

12-ноябрда Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылыгазиев парламентте отчет берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Абылгазиев 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдын бюджетин бөлүштүрүү маселелери боюнча отчёт берет.

Кошумчалай кетсек, 29-октябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети 2020-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун биринчи окууда жактырган.

Copyright © 2017 Maral FM