Биз менен байланышыңыз

Азимов: Маяна берүүдө карыз жок

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Окт 2019 | 463 | 0

Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов «Маралга» берген маегинде маяна боюнча карыз жок экенин билдирди.

Анын айтымында, акыркы 10 жылда корголгон беренелер боюнча төлөмдөр бир да жолу кечиктирилген эмес. Алсак, былтыр аталган берене боюнча каралган сумманы толук берүү аракети көрүлгөн. Бирок ага карабастан министрликтер, мекемелер 1,4 млрд сом айлык фондун алган эмес.

«Алар башында айлык фондун жогору көрсөтүшкөн. Мындан улам айлыкка эсептелген каражаттар биздин министрликте калып калды. Биз төлөөгө даяр элек, бирок алышкан жок», — дейт Азимов.

Copyright © 2017 Maral FM