Биз менен байланышыңыз

Азимов: Жыл сайын 15 млрд сомдук баалуу кагаздар чыгарылууда

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Окт 2019 | 637 | 0

Жыл сайын 15 млрд сомдун тегерегиндеги баалуу кагаздар чыгарылууда. Андан түшкөн каражаттар казынанын тартыштыгын жабуу булагы болуп эсептелет. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, баалуу кагаздардын көлөмүнүн көбөйүүсүндө эч кандай коркунуч жок.

Капиталдык салымдар беренелери боюнча каражаттардын убагында берилбей калуусуна бюджеттин тартыштыгы себеп.

Капиталдык салымдар беренелери боюнча каражаттардын 90 %ы каржыланды.

«Киреше булактар биз ойлогондой түшпөй калып, биринчи жарым жылдыкта азыраак каржылап жатабыз. Көп чыгымдар экинчи жарым жылдыкка өтүп кетүүдө. 2019-жылы бюджеттин тартыштыгы 9 млрд сомдун тегерегин түзөт. 300дөн ашуун объектинин курулушун бүтүрүү үчүн 14 млрд сомдон ашык каражат керек. Буга чейинки башталган объектилердин курулушун бүтүрүүгө артыкчылык берилет», — дейт Азимов.

Copyright © 2017 Maral FM