Биз менен байланышыңыз

Азимов: Тышкы карыздын көлөмү коркунучтуу эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Окт 2019 | 635 | 0

Мамлекеттик тышкы карызды тейлөө үчүн каражат толук бар. Эл аралык уюмдардын баасы боюнча Кыргызстандын тышкы карызы стабилдүү деңгээлде. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, тышкы карыздын көлөмү коркунучтуу эмес. Алсак, тышкы карыздын көлөмү 2018-жылы ИДПга карата 48 пайызды түзгөн.

Быйыл бул көрсөткүч 46,5 пайызды түзүшү күтүлүүдө. Ал эми 2020-жылдын соңунда 43,5 пайызды түзүшү мүмкүн.

«ИДП жакшы өсүп турса, тышкы карыз төмөндөйт. Финансы министрлиги тараптан Кытайдан карызын кечүү боюнча сүйлөшүү болгон жок. Кыргызстан Кытайга 1,7 млрд доллар карыз, күрөөгө эч нерсе коюлган эмес», — дейт Азимов.

Copyright © 2017 Maral FM