Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Тышкы карызды элдин салымы менен төлөй албайбыз

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2020 | 895 | 0

Дүйнөлүк тажрыйбада элдин колдоосу менен мамлекеттин тышкы карызын төлөө учурлары болгон. Бирок бул жол Кыргыз Республикасына туура келбейт. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан тышкы карызды элдин салымы менен төлөй албайт. Анткени калктын төлөө мүмкүнчүлүгү абдан төмөн. Калктын 10-15%ы гана көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ, бирок баары колдоо көрсөтпөшү ыктымал. Мындан улам тышкы карызды элдин салымы менен төлөө идеясы ишке ашпайт.

Андан көрө ЖМК, жарандык коомдун өкүлдөрү, саясатчылар мамлекетти башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуусу зарыл. Тышкы карыздын пайда болушуна өлкө экономикасынын, каражатынын эффективдүү башкарылбай жатканы себеп болууда. Натыйжада, бюджетте тартыштык жаралып жатат. Мунун баарына президенттик институт, өлкө башчы болуп иштеген адам күнөөлүү.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын тышкы карызы 4 млрд сомдон жогору.

Copyright © 2017 Maral FM