Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын тышкы карызы ИДӨгө коркунуч жаратпайт

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Дек 2021 | 437 | 0

Кыргызстандын карызы олуттуу кооптонууну жаратпайт, анткени өлкөнүн бардык карызы жеңилдетилген. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕФСД) башкы экономисти Евгений Винокуров экинчи Евразиялык Конгресстин жүрүшүндө журналисттерге билдирди.

Кыргызстан карыз алган негизги уюмдар Эл аралык валюта фонду, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк болуп саналат. Насыялар жеңилдетилген (20 жылга 1 пайыз менен) түргө өткөндүктөн, көрсөткүчү ички дүн өндүрүмдөн жогору болгонуна карабастан, мамлекетке анчалык кооптонуу жаратпайт.

ЕӨБ божомолуна ылайык, 2026-жылга чейин Кыргызстандын ИДӨгө карата мамлекеттик карызы төмөндөйт.

«Биздин сунуш – мамлекеттик карыздын мындан ары өсүшүнө жол бербей, кылдат мамиле жасоо. Пайызы жеңилдетилген карызды сактап калуу зарыл. Мен Кыргызстанды мактайм. 2013-жылдан бери өлкөнүн каржы органдары ички карыз алуунун үлүшүн көбөйтүүдө, ал эми 2014-жылдан 2019-жылга чейин ал эки эсеге өстү. Бул бир жагынан төлөмдөрдү көбөйтөт, анткени ички карыз алуу кымбатыраак, экинчи жагынан валюталык тобокелдиктерди азайтат. Бул — негизи, туура мамиле», — деди Евгений Винокуров.

Ал ошондой эле беш жылдын ичинде карыздык милдеттенмелердин деңгээлинин ИДӨгө карата 1,4 пайызга төмөндөшү күтүлүп жатканын белгиледи. 2026-жылга карата республика ИДӨнүн 60 пайызын гана түзгөн карызга ээ болот.

Copyright © 2017 Maral FM