Биз менен байланышыңыз

«Карыз аларда мамлекеттик механизмдер иштеши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2020 | 575 | 0

Кыргызстанда пандемиядан улам бюджетте 40 млрд сомго жакын тартыштык пайда болду. Бул бюджеттин 35 %ын түзөт. Мындай кырдаалда тышкы карызды төлөө мүмкүнчүлүгү төмөн. Ошондуктан чет жактан карыз аларда мамлекеттик механизмдер иштеши керек. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Мисалы, президент туура эмес карыз алып жатса, оппозиция, журналисттер айтышы керек. Карыздарды жол куруу, ЖЭБдерди модернизациялоого эмес, билим берүү тармагына, мамлекеттик институттарды реформалоого, көп талкуунун негизинде кабыл алынган чечимдердин негизиндеги инфраструктуралык долбоорлорго пайдалануу зарыл. Ал эми Кыргызстанда президенттер өздөрү чечет, анын көпчүлүгү коррупциялык долбоорлор. Баарыбыз кошомат кылып салып беребиз да, кеткен соң жамандап отура беребиз», — деди Жээнбеков.

Ал өнүкөн мамлекеттерде да ири көлөмдө тышкы карыздар бар экенин, бирок алардын экономикасы күчтүү болгондуктан, карыздар өлкөгө коркунуч туудурбай турганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM