Биз менен байланышыңыз

Кожошев: Сырттан карыз алууга тыюу салуу зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Дек 2020 | 1503 | 0

Колдон келсе, сырттан карыз алууга тыюу салуу зарыл. Мындай пикирин Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал Кыргызстан убагында «Хипик» программасына киргенде тышкы карызынын 50%ы жоюлуп, төлөөгө ыңгайлуу болмоктугун эскерди. Бирок саясий чечимдин айынан өлкө ал программага кирбей калган. Мындан улам маанилүү учурларда саясий чечим кабыл албоо керектигин жана тармак боюнча тийиштүү адистердин пикирин угуу зарылчылыгын белгиледи.

«Алсак, Грузия коронавирус боюнча абалды анализдеп, адистер берген протоколдун негизинде иш алып барып, кырдаалдан көп жоготуусуз чыгып кетти. Ал эми Кыргызстанда терс жактары көп болуп калды. Ошондуктан мамлекетте адистердин анализдерин көрүп, алардын оюн угуп, чечим кабыл алынса, жакшы болмок», — деди Кожошев.

Анын айтымында, өлкөнүн тышкы карызынын таасири жакынкы 10 жылда өзүнүн кесепетин көрсөтүп тура берет.

 

Copyright © 2017 Maral FM