Биз менен байланышыңыз

«Элдин колдоосу менен карыздарды төлөөдө ишкерлерге кысым болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2020 | 694 | 0

Тышкы кырызды элдин көмөгү менен төлөө боюнча өкмөттүн токтом долбоору күчүнө кирсе ишкерлерге кысым болот. Мындай пикирин ишкер Жоодар Сайдилкан «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, буга чейин да коррупция менен күрөшүүнүн алкагында атайын эсеп ачылып, текшерүү органдары өз ара жарышып, көп каражат чогултууга жан үрөшкөн.

«Ошондо бардык ишкерлер даттанышкан. Анткени чыны менен коррупцияга аралашкан фирмаларды эмес, салык төлөп жаткан компанияларга текшерүүлөр келип, атайын эсепти толтуруу аракеттери болгон. Азыр да так ушундай көрүнүш болот. Бул капиталдын сыртка чыгып кетүүсүнө коркунуч жаратат», — дейт ишкер.

Copyright © 2017 Maral FM