Биз менен байланышыңыз

«Энергетика тармагынын карызы 129 млрд сомго жетти»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Апр 2021 | 1387 | 0

Энергетика тармагы жалпысынан 129 млрд сомдук насыя алган. Анын ичинде сырткы карыздар жана мамлекеттен алынган бюджеттик ссудалар бар. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Бакыт Сыдыков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сырттан алынган насыялар чет элдик валюта менен берилет. Бул терс таасирин тийгизүүдө.

«Алсак, өткөн жылы биздин карыздарыбыз 103 млрд сом болсо, доллардын өсүшүнүн негизинде кошумча 23 млрд сом карыз пайда болду. Биз республкалык бюджеттен каржыланбайбыз. Энергетиктер өзү тапкан акча менен жашайт. Мындан сырткары электр энергиясынын тарифи өздүк наркынан төмөн болгондуктан, модернизация иштерин насыя акчага жасап жатабыз», — дейт.

Ал энергетика тармагы тапкан киреше менен жоготкон чыгашанын ортосундагы айырмачылык чоң экенин белгиледи.

Өткөн жылы 800 млн сом, 2019-жылы 400 млн сом жоготууга учураган.

Copyright © 2017 Maral FM