Биз менен байланышыңыз

«Коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын карызга алабыз»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Апр 2021 | 1344 | 0

Токтогул суу сактагычында кийинки жылы да суунун көлөмү аз болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Бакыт Сыдыков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө электр энергиясы боюнча коңшу өлкөлөр менен товар алмашуу бар. Башкача айтканда, алар электр жарыгын карызга берет, Кыргызстан белгилүү мөөнөттө кайра кайтарат.

Маселен, Казакстан быйыл Кыргызстанга 900 млн кВт саат электр энергиясын берет. Кыргыз тарап аны 3 жыл аралыгында кайтарат.

Ушундай эле келишим Өзбекстан менен да түзүлдү. Алар 750 млн кВт саат энергия берет, Кыргызстан быйыл 250 млн кВт саат электр жарыгын кайтарат. Калганын 3 жылга бөлүп төлөйт.

«Быйылкы жылы Токтогул суу сактагычында 1 млрд 100 млн куб метр сууну үнөмдөп жатабыз. Мындай кадамдарга барбасак, ЖЭБди өзгөчө режим менен иштетепесек, быйыл суу сактагычтагы суу 7 млрд куб метрге чейин түшүп, кийинки жылы станцияларды токтотконго чейин бармакпыз. Бирок абалды жөнгө салып турабыз», — дейт Сыдыков.

Ал белгилегендей, суу сактагычта суунун 8 млрд куб метрден түшүп кетиши өтө кооптуу. Суунун көлөмү 9.7 млрд куб метрден ылдый түшпөшү керек.

 

Copyright © 2017 Maral FM