Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,6 млрд куб метрге чейин өстү

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 521 | 0

Бүгүн, 28-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 6 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынан билдиришти.

Суунун агып келиши секундасына 590 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 413 куб метрге жетүүдө.

Адистердин айтымында, суунун аз келиши 5-6 жылда бир кайталанып турат. Акыркы жолу суу агымы 2014-2015-жылдары азайган болчу. Буга тоолуу аймактарга жаандын, кардын аз жаашы себеп.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Copyright © 2017 Maral FM