Бүгүн, 8-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд 926 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 170 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 583 куб метрге жетүүдө.

2021-жылы Токтогулда суу кескин азайып, кооптуу чекке жетти. Апрель айында ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин төмөндөдү.