Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,9 млрд куб метрге чейин көбөйдү

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 335 | 0

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 963.25 млн кубметрге жетти. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, суунун агып келүүсү секундасына 468 кубметрди түзсө, агып чыгуусу 390 кубметрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Copyright © 2017 Maral FM