Биз менен байланышыңыз

«Электр энергиясы боюнча жаңы тарифтик саясат каралууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Апр 2021 | 1445 | 0

Электр энергиясы боюнча жаңы тарифтик саясат каралууда. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Бакыт Сыдыков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал тарифтик саясат тууралуу кенен маалымат бере албай турганын айтты.

«Биздин иштер — чарбалык жумуш. Тарифтик саясатты Энергетика министрлиги жөнгө салат. Жеке оюмда, энергетика тармагына баары байланган. Андыктан приоритеттүү багыттардын катарына киргизсек… Бул тармак көп жылдан бери социалдык ашыкча жүктөмдү алып келе жатат. Дагы да тартып кете албайт», — дейт Сыдыков.

Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда Нарындын эли менен жолугушуп, анда тургундар электр энергиясынын баасын төмөндөтүү, аймактын инфраструктурасын жакшыртуу, жерди трансформациялоо жана социалдык маселелерге өзгөчө көңүл буруусун суранышкан.

Жапаров тармактык мамлекеттик органдарга эл көтөргөн ар бир маселени кыска убакыттын ичинде чечүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM