Биз менен байланышыңыз

Быйыл тышкы карызга 21,6 млрд сом төлөнөт

Кыска кабар | 3 Апр 2021 | 1291 | 0

Быйыл тышкы карызды тейлөөгө кеткен чыгымдар 21 миллиард 602,2 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Кыргызстандын 2021-жылга республикалык бюджетинин жана 2022-2023-жылдарга божомолунун долбоорунда айтылат.

Анын ичинен:

  • пайыздар боюнча — 5 млрд 254,7 млн ​​сом (24,3%);
  • калгандары боюнча — 116,5 млн сом (0,5%);
  • негизги сумма боюнча — 16 млрд 231 млн сом (75,2%) каралган.

Документке ылайык, 2021-2023-жылдары көп тараптуу насыяларды тейлөө чыгымдары эки тараптуу насыяларды тейлөө чыгымдарынан ашып түшөт, ал төмөнкүлөр менен түшүндүрүлөт:

• Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын жалпы түзүмүндө көп тараптуу насыялардын санынын кеңири жайылышы;

• көп тараптуу насыялар боюнча негизги карыздын төлөө мөөнөтүнүн башталышы;

• эки тараптуу насыялардын көпчүлүгүнүн негизги суммасын төлөө үчүн төлөмдөрдүн кеч башталышы (негизинен 2021-жылдан кийин).

Copyright © 2017 Maral FM