Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан январда карызды төлөөгө эки миллиард сом сарптады

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 1020 | 0

Кыргызстан ушул жылдын январь айында мамлекеттик карызды (тышкы-ички) тейлөөгө дээрлик 2,4 миллиард сом сарптады. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы карызды төлөөгө 1,5 миллиард сом, ал эми ички милдеттенмелерди жабууга 0,9 миллиард сом бөлүнгөн.

Тышкы карызды төлөөнүн түзүмү:

  • Негизги сумма — 1,2 млрд сом;
  • Пайыздар — 0,3 млрд сом.

Ички карыздарды төлөө түзүмү:

  • Негизги сумма — 0,5 млрд сом;
  • Пайыздар — 0,4 млрд сом.

Эске салсак, 2020-жылдын аягында Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 миллиард 928 миллион долларды (407 миллиард 353 миллион сом) түзгөн. Анын ичинен тышкы карыз — 4 миллиард 230 миллион доллар, ички карыз — 708 миллион доллар.

Copyright © 2017 Maral FM