Биз менен байланышыңыз

Пандемия: Толбогон бюджет, «тыйылбаган» тышкы карыз

Саясат , Экономика | 22 Июл 2020 | 557 | 0

Ушул жылдын 31-майына карата тышкы карыз 4 млрд долларды түздү. Ошондой эле каржы министрлигинин божомолдоосу боюнча жыл аягында бул көрсөткүчтүн 4,2 млрд долларга жетүүсү күтүлүүдө. Учурда Кыргызстандын тышкы карызын реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгерде алар макул болбосо, Кыргызстан кандай кадамдарга барышы керек?

Кыргызстандын тышкы карызын реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы кандай болду?

Коронавирустук пандемиянын кесепеттеринен улам Франциянын, Германиянын, Даниянын, Япониянын, Кореянын, Түркиянын, Кытайдын, ошондой эле Сауд жана Кувейттин өнүгүү фонддору менен Кыргызстандын тышкы карызын реструктуризациялоо, башкача айтканда, узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында, май айында Сауд Арабия Өнүктүрүү фонду жана Кувейттин өнүгүү фонду менен карыздарды төлөө ишин 2020-жылдын аягына чейин токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишилген.

Ушул жылдын 16-июнунда Париж клубу (Франция, Германия, Дания, Япония, Түштүк Корея) менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлуп, ага ылайык, 2020-жылдын майынан- декабрь айына чейинки мезгилде эки тараптуу келишимдер боюнча карыздарды тейлөө токтотулгандыгын каржы министри Бактыгүл Жээнбаева өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Ошондой эле Жээнбаева билдиргендей, учурда Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы, Түркия Өкмөтү жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Жарым жылда мамлекеттик карызды тейлөөгө 16 млрд сомго жакын каражат сарпталды

2020-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандын мамлекеттик (тышкы жана ички) карызын төлөөгө республикалык бюджеттен факт жүзүндө 15 млн 972 миң 100 сом жумшалды, анын ичинде:

  • мамлекеттик тышкы карыз боюнча — 7 млн 608 миң сом;
  • мамлекеттик ички карыз боюнча — 8 млн 363 миң сом.

2020-жылдын январь-июнь айларында мамлекеттик карыздын төлөнүшү (млн. сом)

Негизги сумма Пайыздар Бардыгы
Мамлекеттик тышкы карыз 5  млн 482миң 2 млн 126 миң 7 млн 608 миң
Мамлекеттик ички карыз 6 млн  303миң 2 млн 060 миң 8  млн 363 миң
Бардык мамлекеттик карыз 11  млн 785 миң 4  млн 186 миң 15 млн 972 миң

Белгилей кетсек, мурда 2020-жылга бекитилген бюджетке ылайык Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 28 млн 818 миң 800 сом жумшоо пландалган.

«Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин бул максаттагы чыгымдарга 32 млн 821 миң 200 сом жумшоо каралган.

Коронавирустук кризис убагында Кыргызстан тышкы карызынан кантип кутулса болот?

Биринчиден, Кыргызстандын «канча акча таап, канча суммада коротуп жаткандыгын», «коронавирустун экономикага тийгизген таасири кандай», «бул жыл кандай жыйынтыкталат», «кийинки жылдарда эмнелердин болушу күтүлүп жатат», «өлкөдөгү жалпы ишкерлердин учурдагы абалы кандай», «ишкерлерди кантип күчтөндүрсө болот», «ишкерлердин акча айлантуу көлөмүн кантип көбөйтсө болот» деген сыяктуу маселелердин планын түзүш керек. Планды ишке ашыруу үчүн күчтүү кадрлар болсо, чет өлкөлүк банктар карыздарды кыскартпаса деле төлөөгө мүмкүнчүлүк болот.

Көпчүлүк өлкөлөр тышкы карыздарды төлөөдө жеңилдиктерди берүүгө макул болгондугун Кыргызстанга болгон кошумча бир жеңилдик катары кароого болот.  Бирок, ал жеңилдиктерге көнүл бурбай өлкөнүн экономикасын күчтөндүрүп, ишкерлерди бутка тургузган, инвестицияны көбөйткөн кадамдарды ойлонуу негизги максат болуш керектигин экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, каржы министрлигинин акыркы 3-4 айда кылган иши такыр туура эмес болгон.

400 млн доллардан ашык акча алып, анын 300 млн доллардан ашыгын айлыкка колдонуп салганы такыр туура эмес иш болду. Аталган сумманын жок дегенде жарымын жеке ишкерлерди колдоого колдонуш керек болчу. Ошол эле сумманын 50-100 млн долларын адамдардын өмүрүн сактап калууга колдонуш керек болчу , — деди Абакиров.

Абакиров билдиргендей, учурда бюджетти толтуруунун эки негизги булагы бар. Алар:

— Жеке ишкерлерди колдоо менен, аларга ар түрдүү жеңилдиктер менен насыя берүү;

— Коррупция менен күрөшүп, көмүскөдө жаткан кирешелерди бюджетке киргизүү.

Ошондой эле, бажыдагы жана башка тармактардагы коррупциялар менен күрөшүп, көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, бюджетти толтурса болот.

Эксперт: Өкмөт өтө жеңил жолду — жөн эле карыз алган жолду таап алды

Өкмөт ишкерлерди колдоо жана көмүскө экономика менен күрөшүү боюнча жетиштүү деңгээлде иш алып барган жок. Жөн эле элдин мойнуна карызды көбөйтүп койгондугун экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров кошумчалады.

Мындан сырткары, ал жөн эле карызга батып жаткандыгыбызды айтып, карыз алууну эмес, көбүрөөк эмгек кылып, көбүрөөк киреше тапканды үйрөнүш керектигин баса белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM