Биз менен байланышыңыз

«Бюджеттин киреше булактарын көбөйтүү боюнча тиешелүү мыйзамдар кабыл алынышы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Окт 2019 | 444 | 0

Бюджеттин 55 пайызы социалдык чыгымдарга кетип, өнүгүүгө аз каражат калып калууда. Бул абалды өзгөртүү үчүн мамлекеттик мекемелердин, кызматкерлердин санын оптимизациялоо керек. Анткени, бюджеттин чыгашаларынын 30 пайыздан көп бөлүгүн  айлык акы фонду түзөт. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 350 миңдей мамлекеттик кызматкер бар. Алардын айлык акы фонду ИДПнын 9 пайызын түзөт. Башка мамлекеттерде бул көрсөткүч 3 %.

«Бюджеттин киреше булактарын көбөйтүү боюнча Жогорку Кеңеш сунуш берсе жакшы болмок. Анткени, учурда салыктык жеңилдиктер 20 млрд сомдон ашык. Тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып, жеңилдиктерди токтотолу. Эгерде ушуга жетишсек, анда бизде 20 млрд сом бар», — дейт Азимов.

Ал белгилегендей, гранттык каражаттар бюджеттин киреше бөлүгүнө кирет. Алар максаттуу чыгымдарга коротулат.

«Алсак, Орусиядан 30 млн доллар грант түштү. Дагы кошумча 20 млн доллар алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал гранттар күч түзүмүндө иштегендерге үй салууга, социалдык чыгымдар үчүн пайдаланылат», — дейт Азимов.

Copyright © 2017 Maral FM