Биз менен байланышыңыз

Азимов: Чек арадагы көйгөйлөрдөн улам бажы төлөмдөрү толук түшпөй калды

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Окт 2019 | 876 | 0

9 айдын жыйынтыгында Финансы министрлиги планда каралган суммаларды толугу менен каржылады. Бирок бюджеттин киреше бөлүгүнө толук түшпөгөнү да бар. Салык кызматы жана Бажы кызматы жыл соңуна чейин ал сумманы толук түшүрүүгө аракет кылып жатышат. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 151,8 млрд сом, чыгашалар 161,9 млрд сом, ал эми казынанын тартыштыгы 10,2 млрд сомду түзгөн.

Казак-кыргыз чек арасындагы көйгөйлөрдөн улам бажы төлөмдөрү толук түшпөй калды. Мындан сырткары, ЕАЭБдин алкагындагы  салыктар да толук түшпөй жатат.

Азимов түшпөй калган кирешелер башка булактардан толтурулганын белгиледи.

«Финансы министрлигинде 2019-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. 25-октябрда өкмөттүн жыйынында кийинки жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамдын долбоору каралат. Салык жана Бажы кызматтарынан каражат түшпөй калуу божомолу бар. Ал суммаларды башка булактардан толтуруу аракетиндебиз», — дейт Азимов.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 135,5 млрд сом, чыгашалар 141,9 сом, ал эми бюджеттин тартыштыгы 6,5 млрд сомду түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM