Биз менен байланышыңыз

Укук коргоо органдарын реформалоого 2,3 млрд сом бөлүү каралууда

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Окт 2019 | 606 | 0

2020-жылы укук коргоо органдарынын системасын реформалоого 2,3 млрд сом каралууда. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, реформанын алкагында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин да маянасы көтөрүлөт. Ошондой эле дарыгерлердин айлык акысын көтөрүү боюнча да тиешелүү каражаттар каралууда.

Айлык акыларды көбөйтүүдө туруктуу киреше булактар пайдаланылат.

«Мугалимдердин айлыгы 30 %га көтөрүлдү. Ага каралган 7 млрд сомдун киреше булактары бар. Маяналарды көтөрүү популисттик кадам эмес. Айлык акылар төмөн болгондуктан өкмөт тараптан тиешелүү чечимдер болуп, президент тапшырма берип жатат», — дейт Азимов.

Copyright © 2017 Maral FM