Биз менен байланышыңыз

ТОП-500: Дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулмандар кимдер?

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Окт 2019 | 3354 | 0

Амман падышачылыгынын Ислам изилдөө борбору «The Muslim-500» аттуу дүйнөдөгү эң бай 500 мусулмандын рейтингин 10-ирет жарыялады.

Ага дүйнөнүн саясатына, идеологиясына, маданиятына жана башка тармактарына таасир эткен мусулман лидерлер кирген.

Рейтингдеги маалымат боюнча, учурда жер шарында 1,9 миллиард мусулман бар, бул дүйнө калкынын чейрек бөлүгүн түзөт.

Рейтингде БАЭ, Түркия, Катар, Пакистан, Индонезия, Сауд Аравия, Египет, Кувейт жана башка мусулман өлкөлөрдүн өкүлдөрү каралган. Ошондой эле, Европа, АКШ өлкөлөрүнөн дин жамаатынын өкүлдөрү, саясатчылар, журналисттер, спортчулар, аалымдар да катышкан.


Искендер Ормон уулу: Мусулмандар мусулманчылыкта артта калды


Рейтинг боюнча:

  • 1-орунду Ислам юриспруденциясы жана финансы жаатындагы окумуштуу, 60тан ашык китептин жана бир канча илимий макалалардын автору, 76 жаштагы шейх Мухаммад Таки Усман;
  • 2-орунду Ирандын диний лидери аятолла Саид Али Хусейн Хаманеи;
  • 3-орунду Абу-Дабинин ханзадасы, БАЭнин Аскердик күчтөрүнүн башкы башкаруучусу Мухаммад бен Заид Аль Нахайян ээледи.

Алгачкы ондукка киргендер:

  • Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдулазиз аль-Саид,
  • Иордания падышасы Абдуллах II;
  • Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган;
  • Марокко падышасы Мухаммад VI;
  • Ирактын өкүлү аятолла Саид Али Хусейн Систани;
  • Яман өкүлү Шейх Аль-Хабиб Умар бин Хафиз;
  • Оман султаны Кабус бин Саид аль-Саид;

Дүйнөдөгү эң чоң мечиттер [ФОТОБАЯН]


Ошондой эле Орто Азия өлкөлөрүнөн:

  • Өзбекстан Мусулмандар башкармалыгынын төрагасы, муфтий Усмонхон Алимов;
  • Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон;
  • Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов тизмеден орун алган.

Андан сырткары, Пакистандын премьер-министри Имран Хан, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров, дагестандык мушкер Хабиб Нурмагомедов, египеттик футболчу Мухаммад Салах да бар.

Мухаммед Салах жаныбарларды коргойт

Copyright © 2017 Maral FM