Биз менен байланышыңыз

Индияда нааразычылык акциясында 1200 жаран кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 870 | 0

Индиянын Нью-Дели шаарында бир суткада нааразычылыкка чыккан 1200 жаран кармалды. Бул тууралуу Times of India басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, кармалгандарды Суржамаль жана Ражив Ганди стадиондоруна жеткиришкен, бирок таңга жуук көпчүлүгүн кайра бошотушкан. Алардын арасында, оппозиция лидерлери жана жарандык тууралуу мыйзамдын өзгөртүлүшүнө каршы нааразычылыкка чыккандар болгон.

Кошумчалай кетсек, жарандык тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, расмий түрдө күчүнө кирген. Жаңыланган мыйзамда, Ооганстан, Пакистан жана Бангладеш сыяктуу Түштүк Азия өлкөлөрүндөгү кысымга кабылган мусулман эмес жарандарга индиялык паспорт алууга жеңилдиктер киргизилген.

Мындай өзгөртүүлөр Индиядагы мусулмандардын нааразычылыгын жаратты. Акцияны уюштуруучулардын айтымында, алардын диний тутумдары ар башка, Бангладештен чыккан миллиондогон жарандар мыйзамдуу түрдө Индияга кирүүгө укук алышса, жергиликтүү жарандардын жашоосуна, кызыкчылыгына коркунуч туудурат.

Copyright © 2017 Maral FM