Биз менен байланышыңыз

Махатхир: Өнүккөн өлкөлөрдүн арасында бир да мусулман мамлекети жок

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 3034 | 0

«Бир да мусулман мамлекети дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн категориясында сап башына кирген эмес. Тилекке каршы мусулман өлкөлөрү ислам дүйнөсүн коргоодо алсыздык кылууда». Бул тууралуу Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохамад Куала-Лумпурдагы саммитте билдирди.

Анын айтымында, азыркы заманбап мезгилде ислам өлкөлөрү тууралуу туура эмес түшүнүктөр жайылууда.

Исламды, мусулмандарды өлкөнү туура эмес башкарууга жана терроризм түшүнүгүнө байланыштыргандар бар экендигин белгилейт.

-Учурдагы чындыкка көз чаптырсак, биздин динди жок кылуу амалдары болуп жатканын моюнга алууга туура келет. Мусулмандардын укугу тебеленүүдө. Тарыхты карап көрсөк, цивилизациянын чордону мусулман өлкөлөрүндө болгон. Бирок, бүгүнкү күндө мусулмандар илим, билим жаатында да, маданий өнүгүүдө да  алдыга чыкпай келет,- деди Мохамад.

Кошумчалай кетсек, учурда Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда саммит өтүүдө. Жыйын бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен жана Малайзия бийлигинин колдоосунда 5-ирет өткөрүлүп жатат. Саммиттин негизги максаты айрымдар сынга алгандай, динди же диний көз караштарды талкуулоо эмес, мусулмандардын абалы тууралуу сүйлөшүүгө багытталат.

18-декабрда Куала-Лумпурда башталган саммит 21-декабрда жыйынтыкталмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM